Чек ара чырында Тажикстанда 19 адам каза болуп, 87си жаракат алган

Чек ара чырында Тажикстанда 19 адам каза болуп, 87си жаракат алган

Кыргызстан менен болгон жаңжалда 19 адам өлтүрүлүп, 87 адам жаракат алган. Бул тууралуу Согди облусунун өкмөтүнүн басма сөз кызматы билдирди.

“Тажик тарап курман болгондордун тизмеси бир нече күн мурун жарыяланган, бирок кыргыз тарап жаңжалдан каза болгондордун санын байма-бай жарыялап, жалпыга маалымдоо каражаттарына статистиканын тизмесин такай жаңыртып турган”, — деп айтылат маалыматта.

Согди облусунун администрациясы тарабынан курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө 700 миң сомани (бир үй-бүлөгө 70 миң соманиден) өлчөмүндө материалдык жардам көрсөтүлгөн. Ал эми тажик өкмөтү каза болгондордун жана жаракат алгандардын үй-бүлөлөрүнө жардам берүү үчүн 3 миллион сомони бөлгөн айтылат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>