Чек ара чырында жабыркаган үйлөрдүн саны 107ге жетти

Чек ара чырында жабыркаган үйлөрдүн саны 107ге жетти

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда талкаланган үйлөрдүн саны 107ге жетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, атайын комиссия тарабынан Баткен жана Лейлек райондорундагы чек ара чатагынан жабыркаган турак үйлөрдүн саны жана келтирилген зыяндын көлөмү такталууда.

Учурда Баткен облусу боюнча 107 турак үй талкаланган. Мындан сырткары, 2 мектеп, 1 ФАП, 1 бала бакча, 10 май куюучу жай (АЗС), 8 дүкөн, 4 соода түйүнү, 4 социалдык объекттер жана 5 мамлекеттик имараттар кыйроого учураган.

Алар Баткен району боюнча:

  • — 32 турак үй;
  • — 2 мектеп;
  • — 1 бала бакча;
  • — 1 ФАП;
  • — 3 мамлекеттик имараттар.

Лейлек району боюнча:

  • — 75 турак үй;
  • — 10 май куюучу жай (АЗС);
  • — 8 дүкөн;
  • — 4 соода түйүнү;
  • — 4 социалдык объекттер;
  • — 2 башка мамлекеттик имараттар.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>