Чек ара. Кыргызстан менен Тажикистан бир пикирге келишти

Чек ара. Кыргызстан менен Тажикистан бир пикирге келишти

Кыргызстан жана Тажикстанстан сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча бир катар макулдашууларга жетишти. Бул тууралуу вице-премьер-министр Жеңиш Разаков билдирди.

Ал премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзоданын макулдашуусунун негизинде эки өлкөнүн вице-премьер-министрлери башында турган өкмөттүк делегациялар сүйлөшүү жүргүзүшкөн. Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги чыр-чатактарды басаңдатуу боюнча бирдиктүү чараларды кабыл алуу жөнүндө маселелерди чечүү боюнча узакка созулган сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнүн белгиледи.

«Оңой эмес, бирок конструктивдүү диалог болду. Тараптар кырдаалдын курчушуна жол бербөө үчүн болгон күч-аракетин жумшады. Тажик тарап менен бир катар макулдашууларга жетиштик. Эки мамлекет тең чек ара аймактарынан аскердик техника менен аскерлерди чыгарып кетүү боюнча чечим кабыл алынды. Ошондой эле тараптар чек арадагы такталбаган тилкелерде курулуш иштерин жүргүзүүнү токтотууну макулдашты.

Кыргызстан менен Тажикстандын премьер-министрлеринин тапшырмасы менен, чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Өкмөттүк делегациялар чек ара маселелерин чечүү боюнча ишти күчөтөт. Учурда мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде бардык 5 көзөмөл-өткөрүү бекети тең, анын ичинде «Кулунду-автожол» көзөмөл-өткөрүү пункту штаттык режимде иштеп жатат, чек арада кырдаал туруктуу, эвакуацияланган Максат айылынын тургундары өз үйлөрүнө кайтты, эки өлкөнүн укук коргоо органдарынын өкүлдөрү чек арага жакын жайгашкан аймактарды биргелешип күзөтүүдө», — деди Жеңиш Разаков.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>