Чек ара кызматы: «Кулунду» көзөмөл өткөрүү жайынан башка мекемелер иштеп жатат

Чек ара кызматы: «Кулунду» көзөмөл өткөрүү жайынан башка мекемелер иштеп жатат

Лейлек районундагы кыргыз-тажчек ара тилкесиндеги «Кулунду-унаажол» көзөмөл өткөрүү жайынан башка өткөрүү жайлары күнүмдүк тартипте иштеп жатат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты.

[su_quote]Тажик тарап бир тараптуу негизде «Кулунду-унаажол» көзөмөл өткөрүү жайында Кыргызстандын жана Тажикстандын жарандарын өткөрүүнү убактылуу токтотту. Бирок бул чектөө үчүнчү өлкөлөрдүн жарандарына тиешеси жок, алар «Кулунду-унаажол» көзөмөл өткөрүү жайын кесип өтө алышат.[/su_quote]

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы Макулдашууга ылайык кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде 5 өткөрүү жайы жайгашкан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>