Чек ара кызматы: кыргыз-тажик чек арасында абал тынч

Чек ара кызматы: кыргыз-тажик чек арасында абал тынч

Кечээ, 24-августта жаңжал чыкан Баткендеги кыргыз-тажик чек арасына жакын айылда абал тынч. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

«Эки өлкөнүн чек ара кызматынын жетекчилеринин жана жергиликтүү бийликтин сүйлөшүүсү менен абал турукташты. Ал эми жабыркаган милиция кызматкери менен жергиликтүү тургун ооруканада дарыланууда», — деди чек ара кызматынын өкүлү.

Белгилей кетсек, 24-августта Лейлектин Борбордук айыл аймагындда чек ара чыры катталган. Жыйырмага жакын тажик жарандары үйүнүн короосуна тосмо куруп жаткан кыргыз жаранына каршылыгын билдирип, курулушту токтотууну талап кылышкан. Ортодо жаңжал чыгып,  абалды жөнгө салуу үчүн чек арачылар жана милиция кызматкерлери келген. Тажиктер күч түзүмдөрүнө карата да таш ыргыткан. Ал эми чек арачылар асманга эскертү огун чыгарышкан. Жаңжалдын айынан  бир милиция кызматкери жана жай тургун жаракат алган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>