Чек ара кызматы: Ок атышуудан 13 адам жабыркады

Чек ара кызматы: Ок атышуудан 13 адам жабыркады

Лейлек районундагы кыргыз-тажик чек арасында абал салыштырмалуу туруктуу. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, бүгүн эки өлкөнүн чек ара кызматынын жетекчилери менен жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн жолугушуусу күтүлүүдө.

Жолугушууга Кыргызстан тараптан Мамлекеттик чек ара кызматынын штаб башчысы, Мамлекеттик чек ара кызматынын орун басары Абдикарим Алимбаев катышат. Тажикстандан Мамлекеттик коопсуздук комитетинин кол башчысынын биринчи орун басары Хикматулло Пираков келет.

Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына караганда, 16-сентябрдын кечинде кыргыз-тажике чек ара тилкесинде болгон атышта жалпы 13 адам жаракат алган. Алардын жетөө аскер кызматкери. Буга чейин жаракат алган 6 кыргыз жараны ар кандай жаракат алып Исфанадагы оруканага жаткырылган. Куралдуу күчтөрдүн аскердик учагы менен жаракат алган 11 адам Бишкектеги ооруканаларга жеткирилмекчи.

Белгилей кетсек, 16-сентябрдын кечинде Лейлек районунун Максат айылындагы кыргыз-тажик  чек арасындагы атышта 41 жаштагы прапорщик Равшан Муминовго гранатометтун огу тийип каза болгон.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>