Чек ара: Тажик тараптан атылган октон чек ара кызматкери жарадар болду

Чек ара: Тажик тараптан атылган октон чек ара кызматкери жарадар болду

Кыргыз-тажик чек арасында абал кайрадан курчуп Тажикстан тараптан бир нече жолу ок атылып, андан чек ара кызматкери жарадар болду.  Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлайт.

“Кыргызстандын Чек ара кызматынын төрагасы менен өкмөттүн Баткен облусундагы ыйргарым укуктуу өкүлү чек арага канатташ аймактын элине түшүндүрүү иштери жүрүп жаткан учурда тажик тараптан Кыргызстандын жарандарына карата эки ок чыгарылган. Анын кесепетинен чек ара кызматкери жарадар болду. Мамлекеттик чек аранын бул тилкесинде чек арачылар күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатышат.

Исфара – Ворух  автотрассасында кыймыл токтотулган. Ошондой эле Тажикстандын жарандары Исфана – Баткен жолун тосуп алышкан», — деп жазылат  билдирүүдө.

Белгилей кетек, 22-июлда кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, ок атылган. Жаңжалдан бир нече адам жабыркаган. Кырдаалды  жөнгө салуу жана жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максатында бир нече жетекчилер жаңжал чыккан аймакка барган.

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>