Чек арадан мыйзамсыз мал алып өтүүгө аракет кылган адам кармалды – сүрөт

Чек арадан мыйзамсыз мал алып өтүүгө аракет кылган адам кармалды – сүрөт

Чек арадан мыйзамсыз бодо мал алып өтүүгө аракет кылган адам кармалды. Бул тууралуу мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 25-январда Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда Кыргызстандан Өзбекстанга бир нече бодо малды алып өтүүгө аракет кылган адам кармалган. Анда 30 жаштагы киши 7 уйду, өткөрүү пунктунан башка жайдан айлып өтүүгө аракет кылып жатып кармалган.   

Чек ара кызматы тарабынан тийиштүү документтер толтурулгандан кийин укук коргоо кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Учурда териштирүү иштери уланууда. 

[su_image_carousel source=»media: 54761,54762,54763,54764″ crop=»none» autoplay=»4″]

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>