Чек араны коргогон Адил Абдурахимов Садыр Жапаровдон белек алды

Чек араны коргогон Адил Абдурахимов Садыр Жапаровдон белек алды

Чек араны коргогон Адил президент Садыр Жапаров менен жолугушту. Бул тууралуу коомдук ишмер Ассоль Молдокматова социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

Анын айтымында, Садыр Жапаров аны жылуу тосуп алып, Адилди аталык кылып кучактап, бир катар суроолорду берип, кабыл алуу жарым саатка созулган.

“Эртең менен президент Садыр Жапаров менен көптөн күткөн жолугушуу болуп өттү. Кечээ алар президентинин администрациясынан телефон чалып, видео кайрылуу мамлекет башчысына жеткендигин жана алдыдагы жолугушуу жөнүндө билдиришти.

Ал Адилдин атасынын маселеси жакын арада Тышкы иштер министрлиги тарабынан иштелип чыккандыгын айтып, жакынкы аралыкта түп-тамырынан бери чечип берүүнү убада кылып, бардык көйгөйлөрдү чечти.

Президент Адилге уюлдук телефон, планшет, футболдук топту белек кылып, аягында ийгилик каалаган”, — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле Адилдин “футбол интернатында окусам» деген кыялын, мамлекет башчысы ишке ашырууну убадалаган.

Белгилей кетсек, Адил Абдурахимов Баткен облусунун Көк-Таш айылында кыргыз-тажик чек арасында жашайт. Ал буга чейин интернет аркылуу президент Садыр Жапаровго кайрылып, ир жыл мурун коңшу өлкөнүн жарандары үйүн өрттөп кетишкенин билдирип, чек ара маселесин чечип берүүнү өтүнгөн.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>