Чет өлкөлөрдүн абагында 1266 кыргызстандык жаза мөөнөтүн өтөп жатат

Чет өлкөлөрдүн абагында 1266 кыргызстандык жаза мөөнөтүн өтөп жатат

1266 кыргызстандык жаза мөөнөтүн чет өлкөлөрдө өтөп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 20-апрелде парламенттин тармактык комитеттин жыйынында Башкы прокурор Курманкул Зулушев билдирди.

Чет өлкөлөрдүн абактарында жаткан кыргызстандыктардын санынын эң көбү  — Орусияда – 1012;

— Казакстанда — 93;

— Тажикстанда — 26;

— Өзбекстанда — 32;

— Түркияда — 14;

— Кытайда — 12 адам.

Зулушев кошумчалагандай, 2020-жылы соттолгон 51 КР жараны Кыргызстанга экстрадиция кылынган.

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет менен Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитет биргелешип өткөргөн жыйында Башкы прокурордун 2020-жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу отчетун кабыл алды

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>