Чет өлкөлөрдө жүргөн 137 кыргыз жараны кайтып келди

Чет өлкөлөрдө жүргөн 137 кыргыз жараны кайтып келди

3-август күнү Минск-Бишкек багытындагы чартердик каттам менен 169 кыргызстандык мекенине кайтып келди. Бул тууралуу республикалык ыкчам штабдан кабарлашты.

Андагы билдирүүдө айтылгандай, өлкөгө кайткандар Украина, Беларус, Австрия, Улуу Британия, Германия, Литва, Италия, Польша, Швеция, Финляндия эмгектенип жүргөн кыргыз жарандары жана студенттер болгон.

Жүргүнчүлөрдүн тизмеси Европа өлкөлөрүндөгү Кыргызстандын чет элдик мекемелерине буга чейин берилген арыздар боюнча түзүлгөн.

Чартердик рейс Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында ишке ашырылган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>