Чет жактагы Кыргызстандын жарандарынын укугун коргоо үчүн “тынымсыз телефон” байланышы ишке кирди

Чет жактагы Кыргызстандын жарандарынын укугун коргоо үчүн “тынымсыз телефон” байланышы ишке кирди

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги жарандардын кайрылууларын жеңилдетүү үчүн “тынымсыз телефон” байланышы иштеп жатканын кабарлайт.

Консулдук кызмат департаментинде жарандардын кайрылуулары үчүн WhatsApp, Telegram, WeChat жана Viber интернеттин социалдык тармактары аркылуу кайрыла алышат. Ал үчүн: +996 551 312 000 номуру иштеп жатат.

“Тынымсыз телефон” линиясынын иштөө максаты – бул чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарынын укугун жана мыйзамдык кызыкчылыктарын коргоого, консультациялык маалыматтарды берүү. Ошондой эле чет мамлекеттердеги өкүлчүлүктөрүнүн консулдук ишмердүүлүгү тууралуу пикирлерди (тексттик, үн, фото жана видео билдирүүлөр аркылуу) күнү-түнү тартибинде кабыл алуу максатында ишке ашырылууда.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>