Чоң курсактуу гандболчу дүйнө чемпионатынын жылдызына айланды – видео

Чоң курсактуу гандболчу дүйнө чемпионатынын жылдызына айланды – видео

Конго Демократиялык Республикасынын курама командасынын оюнчусу Готье Мвумби Египетте өтүп жаткан гандбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун биринчи турунан кийин социалдык тармактын каарманына айланды.

Африкалык оюнчу өзүнүн көлөмү жана оюн аянтындагы эффективдүү иш-аракеттери менен көрүүчүлөрдүн жана күйөрмандардын көңүлүн өзүнө бурду.

Чемпионаттын биринчи баскычында Конго курамасы Аргентина курамасына бет келип, 22:28 эсеби менен утулган. Бирок утулууга карабастан Конгонун көлөмдү оюнчусу көрөрмандардын сүйүктүү оюнчусуна айланды.  Готье Мвумби бул оюнда 4 гол киргизип, өз командасынын бомбардирлеринин бири болгон.

Анын бою 1,92 сантиметр, салмагы 130 килограмм, кесиби боюнча электрик. 

Мвумби сырткы көрүнүшү менен бүтүндөй спорт дүйнөсүн таң калтырды. Оюнчу аны “Гигант” деп атоону өтүнгөнүнө карабай, күйөрмандар ага “жүк ташуучу унаа” деп ат коюп алышкан.

Белгилей кетсек, Гандбол боюнча эркектер арасындагы Дүйнө чемпионаты Египеттин беш шаарында 2021-жылдын 13-январынан башталган, ал 31-январда жыйынтыкталат.

https://youtu.be/0PQnJhovVQA

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>