Чу дарыясына чөгүп кеткен 7 жаштагы бала табыла элек

Чу дарыясына чөгүп кеткен 7 жаштагы бала табыла элек

Кочкор районунда 7-август күнү Теңдик айылындагы Чу дарыясына 2013-жылы туулган бала чөгүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Бүгүн, 14-августта дагы издөө иштери улантылат. Ал эми 13-август күнү издөө иштерин улантуу максатында  Кочкор райондук №42 ӨКБдан 31,  Нарын шаардык №16 ӨКБдан 5, Ысык-Көл райондук №31 ӨКБдан 3 суучул, Суучулдар кызматынан 2 суучул куткаруучу, жергиликтүү тургундардан 68 адам тартылган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>