Чубак ажынын сөөгү жерге берилди

Чубак ажынын сөөгү жерге берилди

Кыргызстандын мурдагы муфтийи Чубак ажы Жалиловдун сөөгү өзүнүн туулуп өскөн айылы Базар-Коргон районундагы Баймvндуз айылында жерге берилди. Аалымдын тажиясын бир нече YouTube каналдар жана басылмалар жеринен чагылдырып жатты.

Аалым менен коштошуу үчүн өлкөнүн жети дубанынан миңдеген адамдар келип, маркумдун жаназасына катышкан.

Макумдун сөөгү кичи мекенине жеткичекти аны мекен коштошуп калалы дегендер атайын жаназа окула турган жерге барып күтүп турду. Чогулган элге аалымдын шакирттери жана үзөңгүлөштөрү баян айтып тартипти сактоого чакырып,  маркумга арналган коштошуу сөздөрүн сүйлөп жатышты.

Жаназа окулган соң чогулган эл мүрзөгө барбай турган жерринен атайын каптарга топурак салышкан.

Чубак ажы Жалилов пневмониядан улам 45 жашында дүйнөдөн кайтты. Ал 11-июлга караган түнү саат 12 чамасында ооруканага оор абалда келген. Дарыгерлер анын өмүрүн сактап кала алышкан эмес.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>