Чубак ажынын санаалаштары: дарыгерлерге дооматыбыз жок

Чубак ажынын санаалаштары: дарыгерлерге дооматыбыз жок

Белгилүү дин аалымы Чубак ажы Жалиловго “улуттук госпиталдын кызматкерлери шалаакы мамиле жасаган” деген маалыматтар боюнча Муфтият билдирүү таратты.

Маалыматка караганда, Чубак ажы Жалилов ооруп жаткан учурда анын жанында жакын санаалаштары Асан ажы Сыргабаев менен Замир Абытов болгон.

Асан ажынын айтуусунда, медицина кызматкерлери аалымдын өмүрүн сактап калууда болгон аракетин жумшаган, тилекке каршы аалым эки тараптуу пневмонияга кабылып, өз ажылынан акка моюн сунган.

“Чубак ажы Жалиловду оор абалда түнкү саат 12:00ге жакын Бишкектеги Улуттук Госпиталдын Нейрохирургия бөлүмүнө алып келдик. Ал жерде бөлүмдүн кызматкерлери күтүп турушкан экен. Кошумча дем алдыруучу аппарат менен жардам беришип, дароо реанимация бөлүмүнө алып кирип кетишкен. Ал жерде дин аалымынын өмүрүн сактоодо тийишттүү медициналык чаралар көрүлдү. Бул жерде дарыгерлер тарабынан күттүрүү болгон эмес. Медицина кызматкерлерине эч кандай нааразычычылыгыбыз жана дооматыбыз жок. Атайын палата дагы даярдалыптыр. Дин аалымы ажылынан каза болгон соң дарыгерлер анын өмүрүн сактап кала алышкан эмес”, – деген Асан ажы Сыргабаев.

Буга чейин журналист Жакышылык Матанов Чубак ажы Жалиловго дарыгерлер өз үчүнунда чара көрбөгөндүгүнө өз көзү менен күбө болгонун баяндап видео кайрылуу тараткан.

Саламаттык сактоо министрлиги болсо бул маалыматтын чындыкка дал келбстигин билдирип, дарыгерлердин бардык аракетине карабай Чубак ажы 11-июлда түнү саат үчтөрдө көз жумганын кабарлаган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: чубак ажы

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>