Чыңгыз Айдарбеков АКШнын аналитикалык борборлорунун өкүлдөрү менен жолугушту

Чыңгыз Айдарбеков АКШнын аналитикалык борборлорунун өкүлдөрү менен жолугушту

Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Кыргызстанды жана Борбордук Азия өлкөлөрүн изилдеген АКШнын аналитикалык борборлорунун өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы кабаралды.

Мындан сырткары министр аталган өлкөдөгү алдыңкы аналитикалык институттардын бири болуп саналган Стратегиялык жана эл аралык изилдөөлөр борборуна (CSIS) барып, анын жетекчилиги менен да жолуккан.

Жолугушууда Айдарбеков обзордук баяндама жасап, өлкөнүн тышкы саясий мамилелери жана приоритеттери, Кыргызстандын көз карашынан алганда Борбордук Азиядагы регионалдык кызматташтыктын жана диалогдун өнүгүүсү тууралуу айтып берген.

Ошону менен бирге  эки тараптуу кыргыз-америка өз ара аракеттенүүнүсүнүн мындан ары өнүгүүсүнүн өңүттөрү жөнүндө АКШнын эксперттик коомчулугунун суроолоруна жооп берди.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>