Чүйдө адам өлтүрүү, өспүрүмдү зордуктоо менен айыпталгандар абактан качып, алардын бири өлтүрүлдү

Чүйдө адам өлтүрүү, өспүрүмдү зордуктоо менен айыпталгандар абактан качып, алардын бири өлтүрүлдү

Чүйдөгү Молдовановка айылындагы абактан качууга аракет кылган адам өлтүрүлүп, дагы бири колго түштү. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, №27 абактан 26-майга караган түнү саат 02:40та соттолгондор 58 жаштагы Т.Т. жана 22 жаштагы К.И. башкы тосмо аркылуу качууга аракет кылышкан.

Түзөтүү мекемелерин коргоо жана камакта жаткан соттолгондорду коштоп жүрүү бөлүмүнүн кызматкерлери качууга аракет кылгандарды чектелген аймактан таап, эскертүү ирээтинде абага ок чыгарышкан. Андан кийин атууну башташып, анын натыйжасында бири каза болуп, экинчиси кармалган.

Кармалгандар өзгөчө оор кылмыштары («адам өлтүрүү, жашы жете электи зордуктоо») үчүн жаза өтөп жатышкан. Качкындар 10 жана 21 жылга эркинен ажыратылгандар болгон.

Ыкчам-тергөө тобу качуу аракети боюнча иликтөөнү баштады. Аталган факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>