Чүйдө изделип жаткан Бейшенали Сапаров табылды

Чүйдө изделип жаткан Бейшенали Сапаров табылды

Чүй облусунда изделип жаткан 50 жаштагы Бейшенали Сапаров табылды. Бул тууралуу «Репортёрго» анын жакындары билдирди.

Сапаров бүгүн, 13-майда саат 16:00гө чакын Аламүдүн районунан табылган.

«Кечээтен бери аны көргөндөр кабарлап жатты. Бирок элдер айткан жерге барганда таппай жаттык. Бүгүн кечке жуук аман-эсен табылды», — деп билдирди жакындары.

Белгилей кетсек, Бейшенали Сапаров 12-майга караган түнү саат 03:00 чамасында Чүй облустук ооруканасынан чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>