Site icon Reporter.kg

Чүйдөгү көлмөдө адамдын жансыз денеси табылды

Чүй айылындагы көлмөдө белгисиз адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 10-майда Чүй айылынын 4-ГУРТ тилкесиндеги көлмөдө болжол менен 45-50 жаштагы белгисиз адамдын жансыз денеси табылган.

Жерине куткаруучулар тартылып, маркумдун жансыз денесин суудан чыгарып ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Exit mobile version