Чыккынчылыкка шектелген Марат Казакпаев 2 айга камакка алынды

Чыккынчылыкка шектелген Марат Казакпаев 2 айга камакка алынды

Мамлекетке чыккынчылык кылууга шектүү катары кармалган Марат Казакпаев эки айга камакка алынды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 14-апрелдеги токтомуна ылайык, Марат Казакпаев 14-июнга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө изоляторуна камакка алынды.

Ал эми экинчи шектүү Т.М.А.га карата бөгөт коюу чарасы катары камакка алуу түрү 13-июнга чейин тандалып,  алдагы УКМКнын тергөө изоляторуна киргизилген.

Белгилей кетсек, Мамлекетке чыккынчылык кылууга шектүү катары кармалган эки адамдын биринин аты-жөнү Марат Казакпаев экенин 14-апрелде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) расмий кабарлаган.

Алар ыкчам тергөө иштеринин натыйжасында табылган далилдердин негизинде 13-апрелде кармалышты. Сотко чейинки териштирүүнүн материалдары улуттук коопсуздукка тиешеси бар болгондуктан иш купуялык негизде каралат. Эгер шектүүлөрдүн күнөөсү далилденсе алар 10 жылга эркинен ажыратылышы ыктымалдыгы айтылган.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>