Site icon Reporter.kg

Чынгыз Айдарбеков: “Өлкө келечеги ар бириңиздердин колуңуздарда”

“Өлкө келечеги ар бириңиздердин колуңуздарда”. Мындай пикирин “Альянс” партиясынан талапкер Чынгыз Айдарбеков Бишкекте шайлоочулар менен жолугушууда билдирди.

Айтымында, бир муштум болуп биригүүгө убакыт келди. Мамлекеттин өнүгүүсү үчүн жапа тырмак аракет кылуу керек деген Айдарбеков, куру сындан алыс болууга чакырды.

“Биз аймактарды кыдырып, көйгөйлөр менен жеринде таанышып чыктык. Кайсы жакка барбайлы энергетикалык каатчылык, жолдорун, билим берүү жана медицина тармагынын начарлыгы, таза суунун жоктугу, укук коргоо органдарынын ишинин чабалдыгы, миграциянын агымы тууралуу көйгөйлөрдү айтышууда. Биз качанкыга чейин ушинтип жашай беребиз? Мамлекет качан оңолот? Бул тууралуу олуттуу ой жүгүртүү зарыл. Өлкө келечеги ар бириңиздердин колуңуздарда. Добуш берүүдө мекенибиздин келечегине кайдыгер карабаңыздар”, — деди Айдарбеков.

Жогорку Кеңештин депутатынын макамы өтө күчтүү экенин айткан талапкер, ар бир эл өкүлү милдетин так аткарышы керектигин баса белгиледи.

АЛЬЯНС — №3 — БИР КҮЧ!
Чынгыз Айдарбеков – №3

Даярдоочу: «Акчабар» ЖЧКсы. Дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Каракульская көчөсү, №1. Нускасы: 1 даана. “Альянс” саясий партиясынын каржы иштери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Ч.К.Арзымбаеванын тескөөсү менен “Альянс” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. 24-ноябрь, 2021-жыл.

Exit mobile version