«COVID-19 илдетине каршы турабыз».  Бишкек меценат Руслан Чойбековго ыраазы

«COVID-19 илдетине каршы турабыз».  Бишкек меценат Руслан Чойбековго ыраазы

6-август күнү Биринчи май райондук администрациясынын жыйындар залында COVID-19 илдети менен күрөшүүдө демөөрчүлүк кылган бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрүнө сыйлык тапшыруу болуп өттү.

Сыйлык алган меценаттардын арасында апаат учурунда четте турбай жардам көрсөткөн Руслан Чойбеков дагы бар. Ал «Консул» ресторанында ачылган стационарда өз өмүрлөрүн тобокелге салып иштеген 30дан ашык медицина кызматкерине колдоо көрсөткөн.

Руслан Чойбеков дарыгерлерге өз ыктыяры менен жардам берип, стационар ачылгандан бери дарыгерлерге үч маал тамак берүүнү колго алган.

Район жетекчиси Алибек Биримкулов өзүнүн куттуктоо сөзүндө меценаттардын  жардамын баса белгилеп, коронавирус менен күрөшүүдө көрсөткөн  жардамдарына ыраазычылык айткан. Ал ошондой эле  демөөрчүлөрдүн жардамы менен күндүзгү жана түнкү стационар лолук кандуу жабдылып үзгүлтүксүз иштеп жатканына токтолду.

4-августка карата стационарларга 31 миңден ашык  адам кайрылган. Аларга 163 медицина кызматкери жана волонтерлор колдоо көрсөткөн.

Биринчи Май райондук администрациясынын башчысы жана анын социалдык маселелер боюнча орун басары Аида Рысбаева меценаттарга ардак грамоталарын жана ыраазычылык каттарын тапшырып, аларга ден-соолук жана ийгиликтерди каалады.

Руслан Чойбеков 1979-жылы Балыкчы шаарында  туулган.

 2018-жылдан бери  Жогорку Кеӊештин VI-чакырылышынын “Кыргызстан” фракциясынан атынан депутат. Ага чейин бир нече ишканаларда жетекчилик кызматтарда ищштеген.
[su_image_carousel source=»media: 37403,37405,37406,37404″ crop=»none» autoplay=»4″]

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>