COVID-19: Индиялык студенттерди жардамга тартуу сунушу көтөрүлдү

COVID-19: Индиялык студенттерди жардамга тартуу сунушу көтөрүлдү

Коронавирустан улам өлкөдө медицина кызматкерлеринин жетишсиздиги күч болуп жаткан убакта чет өлкөдөн келип, медицина багытында билим алган студенттерди жардамга тартуу сунушу көтөрүлдү.

Бул демилгени биринчилерден болуп көтөрүп чыккан активист Солтобек Эркин Республикалык штаб жана Саламаттык сактоо министрлигине төмөнкүдөй сунуш менен кайрылганын “Репартерго» айтып берди.

“Кыргызстанга чет өлкөдөн келип, медицина боюнча билим алгандардын арасында индиялык студенттер басымдуулук кылат. Учурда дарыгерлердин жетишсиздиги күч болуп, укол кармап көрбөгөндөр дагы ийне саюга аргасыз болуп жатат. Президент дагы медицина боюнча билим алган  жогорку курстарынын студенттерине кайрылып, көмөктөшүүгө чакырган. Мына ушундай шартта чет элдик студенттердин диаспораларына же атайын бирикмелерине кайрылып жардамга чакырсак туура болмок”, – деди активист.


Белгилей кетсек, президент Сооронбай Жээнбеков 5-июнда сүйлөгөн сөзүндө дарыгерлерге жана адистерге болгон муктаждык курч маселе болуп турганын айтып, медициналык окуу жайлардын жогорку курстарынын студенттеринен турган ыктыярдуу бригадаларды түзүүгө чакырган.

Индиянын Кыргызстандагы элчилигинин ачык булактардагы маалыматына ылайык 2019-жылы жалпысынан 9 миңдей индиялык студент билим алып жатканы айтылган. Алардын басымдуу бөлүгү медицина багытында билим алышат.

Ал эми Пакистандан келип медицина боюнча билим алган студенттердин жалпы саны 2,5 миңден ашык.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>