Дааратканага түшүп кеткен биртуугандардын жансыз денесин алып чыгууга ӨКМден 4 куткаруучу тартылды

Дааратканага түшүп кеткен биртуугандардын жансыз денесин алып чыгууга ӨКМден 4 куткаруучу тартылды

Чүй облусунун Сокулук районундагы Военно-Антоновка айылында агасы дааратканага түшүп кеткен инисин куткарам деп экөө тең каза болду. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 28-сентябрь күнү болгон. Анда 1-класс менен 7-класстын окуучу балдары дааратканага түшүп кетишкен. ӨКМге кабар түшүп, жерине 4 куткаруучу тартылып, маркумдардын жансыз денелерин чыгарып, туугандарына өткөрүп беришкен.

Даараткана өтө терең болгондуктан өспүрүмдөр чоңдор тараптан жардам болгонго чейин дем жетпей каза болушкан. Анын үстүндөгү тешик чоң жана эки тактай менен эле жабылган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>