Дагы 205 бейтап бюджеттик гемодиализге которулду

Дагы 205 бейтап бюджеттик гемодиализге которулду

Мурда өз каражаттарынын эсебинен диализ алып жаткан бешинчи баскычтагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги бар 205 бейтап бюджеттик диализге которулду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Бул бейтаптар өткөн жылдын июнь айынан бери кезекте турушкан. 2021-жылдын 29-январында Саламаттык сактоо министрлигинде бюджеттик диализге бейтаптарды тандоо боюнча комиссия өттү, ага ылайык, 1-февралдан тарта алар мамлекеттин эсебинен кымбат баадагы кызматты акысыз алышат.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда жалпы 1 миң 896 адам бюджеттик гемодиализ процедураларын алышат, анын ичинен 1 миң 613 бейтап Кыргыз Өкмөтүнө караштуу ММК Фонду аркылуу каржыланган гемодиализ процедураларын алышат, ал эми 283 бейтап мамлекеттик жеке өнөктөштүк аркылуу «Фрезениус Медикал Кеа» гемодиализ борборлорунда диализ алышат.

Белгилей кетсек, Финансы министрлигинин катына ылайык, каржылоо булагы аныкталганга чейин, бешинчи баскычтагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги бар 205 бейтапка гемодиализ кызматын көрсөтүү ММК Фондунун республикалык бюджеттен 2021-жылга карата бөлүнгөн каражаттардын чегинде жүзөгө ашырылат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>