Дайынсыз болуп жаткан Нусратулла Эрматов изделүүдө

Дайынсыз болуп жаткан Нусратулла Эрматов изделүүдө

Баткен облустук ички иштер башкармалыгы дайынсыз болуп жаткан 59 жаштагы Нусратулла Эрматовду табууга коомчулуктан жардам сурайт.

Нусратулла Эрматов Кадамжай районунун Исфайрам айылындагы үйүнөн 2019-жылы 31-декабрда саат 02:30дар чамасында чыгып кеткен бойдон кайрылып келген эмес.

Өзгөчө белгилери: бою 165-170 см, чачы кара түстө, кашы-көзү кара, дене түзүлүшү арык чырай. Акыл-эси соо.

Милиция эгерде Нусратулла Эрматовду көргөндөр болсо төмөнкү телефондорго кабарлап коюусун өтүнөт.

Байланыш телефондор: 03655 5-02-29, 03655 102, 0505 25-00-09.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>