Дастан Бекешев: Турак-жайымды камсыздандыруудан өткөрүү учурунда өзүмдү «лох» сездим

Дастан Бекешев: Турак-жайымды камсыздандыруудан өткөрүү учурунда өзүмдү «лох» сездим

Мен өзүмдүн турак-жайымды камсыздандыруудан өткөрүү учурунда, укуктарымды карап көрүп, өзүмдү «лох» сездим. Мындай пикирин депутат Дастан Бекешов бүгүн, 1 – октябрда Жогорку Кеңештин Фискалдык саясат жана экономика боюнча комитеттин жыйынында билдирди.

Депутат камсыздандыруу шарттары боюнча таанышып чыккандыгын билдирди.

«Мен камсыздандыруу шарттары менен таанышып отуруп, өзүмду «лоховать» эттирип, мага мунун эмне кереги бар дедим. Себеби, бул келишимге кол коюп атып сен автоматтык түрдө камсыздандыруу компаниясынын кулуна айланат экенсиң. Мен өзүм юрист катары ушундай бааладым», — деди ал.

Анын айтымында, камсыздандыруу тууралуу кабарлоо мөөнөтүн 5 күндөн 15 күнгө чейин узартууну сунуштады. Эл өкүлүнүн пикиринде, 5 күн аздык кылат.

«Биз бир гана камсыздандыруу компаниясынын кызыкчылыгы үчүн иштебешибиз керек, биз жарандардын кызыкчылыгы үчүн иштешибиз керек», — деп билдирди.

Комитет 2019 – жылдын 21 – февралында КР өкмөтүнүн №82 токтомуна ылайык, «КР Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү «Турак-жайларды өрт ж.б. табигый кырсыктардан милдеттүү түрдө камсыздандыруудан өткөрүү», мыйзам долбоорун экинчи окууда карады.

 Кийинчерээк эл өкүлдөрү мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырышты.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>