Даяр паспорттор дем алыш күндөрү да берилет

Даяр паспорттор дем алыш күндөрү да берилет

Калкты тейлөө борборлору парламенттик шайлоого карата күчөтүлгөн режимде иштей баштады. Эми дем алыш күндөрү да даяр паспортторду бере башташат. Бул туурасында Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорту eID-картасын алууга мурда кайрылган жарандар даярдоо мөөнөтүнө ылайык, 2021-жылдын 27 жана 28-ноябрында бардык калкты тейлөө борборлоруна жана калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмдөрүндө даяр паспортторун ала алышат.
Даяр паспортторду берүү саат 8.00 дөн 20.00 гө чейин жүргүзүлөт.

Белгилей кетсек, бул күндөрү даяр паспортторду берүү кызматы гана жеткиликтүү болот.

Паспорттун даярдыгы тууралуу маалыматты https://www.tunduk.gov.kg мамлекеттик кызмат порталынан, «Tunduk» мобилдик тиркемеси же КР СӨМ телефондук тейлөө борбору 119 кыска номери аркылуу алууга болот (бардык байланыш операторлорунан чалуулар акысыз кабыл алынат).

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>