Депутат Алимбеков: Өкмөт 50 млн доллар грантты албай жатат, эки күндөн кийин куру калабыз — видео

Депутат Алимбеков: Өкмөт 50 млн доллар грантты албай жатат, эки күндөн кийин куру калабыз — видео

Кыргыз өкмөтү БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун 50 миллион доллар грантын албай жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Алимбеков билдирди.

Эл өкүлүнүн айтымында, аталган уюм Жашыл климат фондунун эсебинен 2020-жылы Кыргызстанга жардам катары грант берүү чечимин кабыл алган.

«Кыргызстан Бириккен улуттар уюмунун Азык-түлүк жана айыл-чарба уюму ФАО менен кызматташып келет. Бул уюм 2020-жылдан бери Кыргызстанга жашыл климаттык фонддун эсебинен, климаттын өзгөрүүсүнө, адаптациялоо үчүн 50 миллион доллар өлчөмүндө гранттык жардам берүү тууралуу чечим кабыл алган. Бул гранттын 22 млн доллары айыл чарбасына жумшалат. Калганы климаттын корголушуна сарпталат. Бул иштерди жактыруу жана колдоо иштери тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү БУУнун Азык-түлүк жана айыл-чарба уюмуна макулдук катын бериши керек. Кат өз убагында берилбегендиктен, бул маселе өтө кечигип жатат. Бул долбоордун акыркы макулдашуу күнү 2021-жылдын 30-апрели. Ушул мөөнөткө жетишүү керек. Эгерде бул мөөнөткө жетишпесек, башка өлкөгө кетип калат. Депутаттар биз дагы жардам берели.  Бул грантты сомго которсо 4 миллиард 250 миллион сом болот.

Өткөн жумада уюмдун өкүлү Аднан Курешти кабыл алдым, бир айдан бери өкмөттүн үч министрлигинин эшигин каккылап жүргөнүн айтты. Бул өтө чоң акча, аны албасак уят дагы болобуз. Өкмөт тез арада чечиши керек. Министрлер чечим кабыл ала албай жаткандан кийин премьер-министрди чакыралы да өзүбүз жардам берели», — деди Алимбеков.

Ошондой эле депутат мындай багыттагы грантты 100 миллион доллар өлчөмүндө коңшу Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан өлкөлөрү алганын кошумчалады.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>