Депутат Бекешев: Коронавируска байланыштуу өлкөдөгү ашыкча чыгымдарды токтото туруу керек

Депутат Бекешев: Коронавируска байланыштуу өлкөдөгү ашыкча чыгымдарды токтото туруу керек

Бүгүн, 12-мартта Жогорку Кеңеште «ар кандай» маселелер сааты өтүп жатат. Анда депутат Дастан Бекешев коронавируска байланыштуу өлкөдөгү ашыкча чыгымдарды токтотуу керек экенин билдирди.

Эл өкүлү дүйнөлүк экономикалык кризис башталганын айтты.

«Азыркы учурда коронавирус илдети 118 өлкөгө жайылганы белгилүү болду. Ошонун айынан дүйнөлүк экономикалык кризис башталды. Кай жагыңа караба, жалаң каатчылык жөнүндө сөз жүрөт. Мындан Кыргызстан да четте калган жок. Ошондуктан, биз азыртан анын алдыналуу чараларын көрүп, өлкөнүн экономикалык абалына көзөмөлдү күчөтүшүбүз керек. Эмне кылышыбыз керек? Биринчи кезекте ашыкча чыгымдардан арылышыбыз керек! Ал үчүн мамлекеттик бюджетти балансташтырып, пайдасыз тендерлерди, жөнү жок курулуштарды токтото туруу зарыл. Ошондой эле, Өкмөт экономикалык өнөктөштөр менен соода-экономикалык алакаларды доллар менен эсептешүүнү токтотуу жөнүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, өз ара эсептешүүлөрдү улуттук валютага өткөрүү маселесин чечип алуусу зарыл», — деп белгиледи Бекешев.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>