Депутат Экмат Байбакпаев энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү керек экенин айтты

Депутат Экмат Байбакпаев энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү керек экенин айтты

Энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүүнүн келечеги кең. Бул тууралуу кечээ, 2-сентябрда Жогорку Кеңеште өткөн маалымат жыйынында депутат Экмат Байбакпаев билдирди.

Белгилей кетсек, жакында эле аталган багытта мыйзам долбоору кабыл алынып, күчүнө кирген. Демилгечи депутат Экмат Байбакпаевдин айтымында, мыйзам долбоордун максаты энергетика чөйрөсүндөгү экономикалык жана уюштуруучулук укук мамилелерин мындан ары өнүктүрүү үчүн укуктук негиздерди белгилөө, кайра жаралуучу энергетика чөйрөсүнө тикелей инвестицияларды тартуу, бул секторду мамлекеттик жөнгө салуунун натыйжалуулугун арттыруу, мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктарын, чакан энергетика чөйрөсүндө иштерди жүзөгө ашырууда энергетика субъекттеринин укуктарын жана милдеттерин аныктоо жана тактоо болуп саналат.

“Ага ылайык кабыл алынган мыйзамды ишке ашыруу аркылуу, энергетикалык коопсуздукту гана эмес, мамлекеттин өнүгүүсүн да камсыздай алабыз. Андыктан аны ары ишке ашыруу чараларын толук карап чыгуубуз кажет”, – дейт Байбакпаев.

Ошондой эле маалымат жыйынында мыйзамдагы айрым мүчүлүштүктөр айтылып, Өкмөт менен жарандык коомдун сунуштары көтөрүлдү.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>