Депутат Исаев: “Бишкек” эркин экономикалык аймагында мыйзам бузуулар арбын — фото, видео

Депутат Исаев: “Бишкек” эркин экономикалык аймагында мыйзам бузуулар арбын — фото, видео

Бүгүн, 29-майдагы Жогорку Кеңештеги “Кыргызстан” парламенттик фракциясынын кезектеги жыйынында депутат Канатбек Исаевдин демилгеси менен “Бишкек” эркин экономикалык аймагынын ишмердүүлүгүнө байланышкан маалымат угулду.

Жыйында баяндама жасаган вице-премьер-министр Эркин Асрандиев Өкмөттүн 2016-жылдын 8-июлундагы токтому менен “Бишкек” эркин экономикалык аймагынын кирешесинин 2%ын мамлекеттик бюджетке которуу тууралуу чечим кабыл алынганын белгилеп, буга чейин 0,02%дык гана чегерүү болгонун маалымдады.

“Бир канча убакыттан кийин “Бишкек” эркин экономикалык аймагынын дирекциясы тарабынан мурдагы ченемдик төлөмгө кайтуу тууралуу маселе көтөрүлүп, жаңы объекттер үчүн коммуникациялардын курулушуна, инфратүзүмдү өнүктүрүүгө көп каражат талап кылынып жатканы жүйө келтирилген. Ар кайсы аянтчалардагы талкуулардын жыйынтыгы менен 2020-жылдын 5-мартында мурдагы 0,02%га кайтуу тууралуу Өкмөттүн токтому кабыл алынган. Андан тышкары, бул төлөм 2016-жылдын 1-июлунан тарта төлөнөт деген чечим чыккан. Анткени, бул жылдар аралыгында “Бишкек” эркин экономикалык аймагынан эч кандай төлөм түшкөн эмес”, – деди Эркин Асрандиев.

Ошондой эле Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиев 2019-жылы “Бишкек” эркин экономикалык аймагынын субъектеринен 9 млн. 907 миң сом көлөмүндөгү салык түшкөнүн, анын ичинен киреше салыгы 9 млн. 337 миң сом экенин маалымдады. “2020-жылдын биринчи кварталын алсак, 3,5 млн. сомдук киреше салыгы чогултулган. Ал эми жогоруда айтылган 0,02%дык төлөм боюнча айтсак, Мамлекеттик салык кызматы аны көзөмөлдөбөйт”, – деди Кабыл Абдалиев.

[su_image_carousel source=»media: 29850,29743,29760,29847,29849,29848,29845″ crop=»none» autoplay=»4″]

Өз кезегинде “Бишкек” эркин экономикалык аймагынын Башкы директору Дүйшөн Ирсалиев аймактын ишмердүүлүгүн чагылдырган тасмага депутаттардын көңүлүн буруп, анда атайын экономикалык, салыктык жана бажылык режим иштей тургандыгын белгиледи.

“Аймак ачылгандан бери 25 жыл өттү. Алгачкы 20 жыл ичинде “Бишкек” эркин экономикалык аймагына 1,9 млрд. сом тартылса, акыркы 4,5 жыл ичинде биз 2,6 млрд. сомдук инвестиция алып келдик. 12 заманбап илимий сыйымдуулуктагы ишкана ачтык”, – деди Башкы директор.   

Талкуунун демилгечиси, депутат Канатбек Исаев маселени фракцияда кароо чечимин кабыл алуудагы негизги себепке токтолуп: “346 гектар жерди ээлеген “Бишкек” эркин экономикалык аймагы 300 млн. сомдон ашуун киреше алат. 2%дык көлөмдөгү төлөм боюнча Өкмөттүн токтомуна ылайык, алар бюджетке 6 млн. сом которушу керек болчу. Ал эми Өкмөттүн 2020-жылдын 5-мартындагы токтомуна ылайык 2016-жылдан башталган чегерүүнүн көлөмү 0,2%, а 2019-жылдан башталган чегерүүнүн көлөмү 0,02% деп көрсөтүлгөн. “Бишкек” эркин экономикалык аймагынын директору үнөмдөлгөн каражаттарды капиталдык салымга, инфратүзүмдү жакшыртууга багыттарын айтып жатат. Эми ойлонуп көргүлө, ал “Бишкек” эркин экономикалык аймагына директор болуп келгенден кийин штаттык бирдиктин саны 2 эсе көбөйүп, учурда аймакта 300дөй киши эмгектенет. Жетекчилери 60 миң сомдон айлык алат. Андан тышкары, иштебеген жарандарга да айлык чегерилет деген маалымат бар. Андыктан, укук коргоо органдары тарабынан тыкыр иликтөө зарыл. Жалпысынан 100 млн. сомдой акча айлык маяналарды төлөөгө кетет. ЖМКларда жарыяланган маалыматтарга таянсак, коронавирус пандемиясы менен күрөшүү боюнча фондко 10 млн. сом которушкан. Бирок аймактын балансы 50 млн. сомдой каражатты түзөт. Менин оюмча эгер силер мамлекеттик бюджетке 6 млн. сом которсоңор, ишмердүүлүгүңөргө анчалык терс таасир бермек эмес. Калган 294 млн. сомду ансыз деле өзүңөр каалагандай жумшап жатасыңар”, – деди Дүйшөн Ирсалиевге кайрылып.

Муну менен катар эл өкүлү Өкмөт, Экономика министрлиги “Бишкек” эркин экономикалык аймагынын үстүнөн жетиштүү көзөмөл жүргүзбөй жатканын айтып: “Штаттык бирдиктер туура эле көбөйтүлүп жатабы, айлык маяна кандай эсептелет жана “Бишкек” эркин экономикалык аймагына капиталдык салымдын кереги барбы, баарын карап чыгыш керек. Мамлекет көзөмөлдөбөгөндүктөн, алар өздөрү мамлекет болуп алышты. Мен жалпы жыйында да мисал келтирдим. “Дордой” базарындагы контейнердин ээси ай сайын 10 миң сом, жылына 120 миң сом төлөйт. Ал эми Өкмөт 346 гектар аянтты ээлеген чарбалык субъектти 60 миң сом гана төлөткөн жобону киргизген. Анткени менен “Бишкек” эркин экономикалык аймагы 50 млн. сомдон 100 млн. сомго чейин мамлекетке төлөм чегере турган мүмкүнчүлүккө ээ. Жөн гана оптимизация ишин колго алуу зарыл” – деди.

Ошондой эле “Бишкек” эркин экономикалык аймагында мындан башка да мыйзам бузуулар арбын экенин айткан депутат, анын ичинен мамлекеттик сатып алуу жаатында да көйгөйлөр бар экенин белгиледи.

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>