Депутат Каныбек Иманалиев парламенттик шайлоого катышпайт

Депутат Каныбек Иманалиев парламенттик шайлоого катышпайт

Жогорку Кеңештин «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиев парламенттик шайлоого катышуудан баш тартты. Бул тууралуу Reporter.kg’ге эл өкүлү өзү билдирди.

Ал бул чечимди өзү кабыл алганын айтып, партияга ийгилик каалады.

Буга чейин Иманалиев шайлоого «Мекеним Кыргызстан» саясий партиясы менен баратканы кабарланган.

ЖМКлар «Мекеним Кыргызстан» аны партиянын талапкерлеринин тизмесине киргизбегендигин билдиришти.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>