Депутат Нышанов чоӊ трассаларда жүрүү ылдамдыгын көбөйтүү керектигин айтты

Депутат Нышанов чоӊ трассаларда жүрүү ылдамдыгын көбөйтүү керектигин айтты

Бүгүн, 9-октябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында “Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жиберилди.

Аталган мыйзам долбоорунун демилгечилери – Өкмөт.

Мыйзам долбоорун колдой турганын билдирген депутат Сайдулла Нышанов жолдо автомашиналардын жарыгын жагып жүрүү лампочка өндүрүүчүлөрдүн кызыкчылыгын көздөгөн коррупциялык талап экенин, азыр эл аралык тажрыйбада андай талап жокко чыгарылып жатканын белгиледи.

“Автомашиналардын жарыгын жагып жүрүүдөн жол кырсыгы азайып деле кеткен жок, аны жоюп салыш керек. Ошондой эле, чоӊ трассаларда жүрүү ылдамдыгын да көбөйтүү зарыл”, — деди ал.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгынын башчысы Азамат Исраилов бул маселени иликтеп көрүп, бир чечимге келүүгө убада берди. Ал трассаларда жүрүү ылдамдыгын 90 км/саатан 110 км/саатка чейин көтөрүү чечими кабыл алынып, азыр тийиштүү чаралар көрүлүп жатканын кошумчалады.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>