Депутат Примов: Кыргызстандын бардык аймагында уран кенин иштетүүгө тыюу салуунун кереги жок

Депутат Примов: Кыргызстандын бардык аймагында уран кенин иштетүүгө тыюу салуунун кереги жок

Бүгүн Жогорку Кеңеште уран жана торий кендерине геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүүгө жана иштетүүгө тыюу салган мыйзам долбоору үчүнчү окууда талкууланып жатат.

Демилгечилер – депутаттар тобу.

Талкуу учурунда депутат Улан Примов уран, торий кендеринин биосфералык аймактарда иштешине каршы экенин айтты.

«Уран, торий кендеринин биосфералык аймактарда иштешине каршымын. Бирок жалпы Кыргызстандын бардык аймактарында иштебесин деп тыюу салуу канчалык туура? Эгерде бардык технологияны сактап, тиешелүү төлөмдөрдү төлөп берсе эмне үчүн тыюу салышыбыз керек? Жогоруда экономиканы бетке кармап жатасыңар деп айтылууда. Экономика болбосо өлкө, эл өнүкпөйт. Өкмөттүн өкүлдөрү так жооп берсеңер болмок. Сиздердин позицияңар ары эмес же нары эмес болуп жатат», — деди Примов.

Өнөр жай, энергетика жана жер ресурстары боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары Карыбек Ибраев Кыргыз өкмөтү уран казууга каршы мыйзам долбоорун жалпысынан колдой турганын билдирди.

Белгилей кетсек, аталган мыйзам долбоору Ысык-Көл облусундагы Кызыл-Омпол уран кенин иштетүүгө байланыштуу чуу чыккандан кийин иштелип чыккан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>