Депутат Шыкмаматов: Чет мамлекеттерде жеңил жаза менен соттолгондорду Кыргызстандын абагына алып келүү керек

Депутат Шыкмаматов: Чет мамлекеттерде жеңил жаза менен соттолгондорду Кыргызстандын абагына алып келүү керек

Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов акыйкатчы Токон Мамытовду жарандарыбыздын укугун бузулушу фактылары боюнча тийиштүү мамлекеттик органдарга коӊгуроо кагып, эл көзүндө жүрүүгө чакырды.

«Сиздин чекисттик тажрыйбаӊыз чоӊ, аны жакшы билебиз. Бирок, азыр сиз көрүнбөс фронттун жоокери эмессиз, мурдагыдай жашырынып жүрбөй, акыйкатчы катары көпчүлүк көзүндө көбүрөөк жүрүӊүз. Мындай аракет жардам берет. Эгер сиз өз маалында коӊгуроо кагып турсаӊыз, адам укугунун бузулушу кыйла азаят», — деди депутат.

Андан тышкары, депутат чет өлкөлөрдүн түрмөлөрүндө көптөгөн кыргыз жарандары жатканын эске салып, аларды жаза мөөнөтүн өлкө аймагында өтөө үчүн алып келүү жаатында аракеттер ишке ашпай жатканын белгиледи.

«Жаза мөөнөтүн өлкө аймагында өтөө үчүн 75 адам алынып келиниптир, бул өтө аз. Кыргыз жарандары жаткан өлкөлөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, жеӊил жаза менен жаткан жарандарды алып келүү чараларын тездетиш керек», — деди ал.

Акыйкатчы бул багытта сүйлөшүүлөр жүрүп, бирок өлкөлөрдүн мыйзамдарындагы айырмачылыктар жолтоо болуп жатканын айтты.

«Адегенде эки өлкөнүн мыйзамдарындагы беренелерди өз ара шайкеш келтирүү чараларын колго алыш керек экен. Мисалы, мыйзам беренелеринде жаза мөөнөттөрү боюнча айырмачылыктар бар. Ошондой эле, Россияда соттолгон адамдарды экстрадициялоо маселесин Юстиция министрлиги караса, биз ал милдет Башкы прокуратурага жүктөлүптүр», — деди Токон Мамытов.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>