Депутат Төрөбаев: Парламенттин иштөө мөөнөтүн 3 жылга кыскартып, депутаттардын 30уна гана айлык берүү керек

Депутат Төрөбаев: Парламенттин иштөө мөөнөтүн 3 жылга кыскартып, депутаттардын 30уна гана айлык берүү керек

Парламенттин иштөө мөөнөтүн 3 же 4 жылга кыскартуу зарыл. Анткени эл парламент натыйжалуу иштесе да 2-3 жылда депутаттардан тажап калат. Мындай пикирин Жогорку Кенештин депутаты Бакыт Төрөбаев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтуусунда, 2020-жылы Конституцияны өзгөртүүгө укук пайда болот. Анын алкагында парламенттин иштөө мөөнөтүн 3 же 4 жылга кыскартуу зарыл.

Ошондой эле эл өкүлү жаңы партиялар түптөлүп, учурда парламентте отурган партияларды сүрүп чыгарышы мүмкүн экенин айтты.

Төрөбаевдин маалыматында, өнүккөн мамлекеттерде парламентке бизнесмендердин тобу келип, өздөрүнө ылайыктуу мыйзамдарды өткөрбөшү үчүн депутаттарынын саны көп. Ошол тажрыйбаны улай Кыргызстан да эл өкүлдөрүнүн санын 120га чыгарган.

«120 депутаттын отузуна гана айлык берүү керек. Калганы маяна албайт. Бул жеке оюм, балким бул кийин мыйзам менен бекитилет», — дейт Төрөбаев.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>