Депутат Төрөкулов СИЗОго эки айга камалды

Депутат Төрөкулов СИЗОго эки айга камалды

Жогорку Кеңештин депутаты Дүйшөн Төрөкулов Ош аэропортунан кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ал парламентарий коррупцияга шектелип жатат.

Мындан тышкары, УКМКнын кызматкерлери жана ИИМдин ыкчам кызматкерлери Чүй облусунун аймагында Жантай Шаменов аттуу кылмыштуу топтун дагы бир мүчөсүн кармашты.

Биринчи Май райондук сотунун чечими менен Төрөкулов УКМКнын СИЗОсуна 2 айга, ал эми Шаменов УКМКнын СИЗОсунун убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>