Депутат Токтошев: Ар ким өз ишин кылсын. Мектеп директорлорун чарба иштерине аралаштырбоо керек

Депутат Токтошев: Ар ким өз ишин кылсын. Мектеп директорлорун чарба иштерине аралаштырбоо керек

Депутат Эмил Токтошев мектеп директорлору чарба иштери менен алектенеби же балдарды окутабы? – деген соболду бүгүн, 23-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында салды.

Токтошев ар бир адис өз ишин кылуусу керек экенин айтты.

«Чымчыкты сойсо да касапчы сойсун» дегендей ар ким өз иши менен алектенсин. Мектеп директорун чарба иштерине аралаштырбай мыйзам долбоорундагы мугалимдерди чарба иштерине аралаштыруу бөлмүн алып койсун», — деди ал.

Эмил Токтошев Coциалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрайымы Гүлкан Молдобековага кайрылып, сунушту эске албаганын билдирди.

Гүлкан Молдобекова Токтошев берген сунуш комитетте каралганын, бирок колдоо таппаганын белгиледи.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>