Депутат Тулендыбаев: Мугалимдердин айлыгы минималдуу 20 миң сом болушу керек

Депутат Тулендыбаев: Мугалимдердин айлыгы минималдуу 20 миң сом болушу керек

Бүгүн, 3-сентябрда Жогорку Кеңеште ар кандай маселелер сааты өтүп жатат. Анда депутат Пархат Тулендыбаев мугалимдерди социалдык жактан колдоо боюнча маселени көтөрдү.

Ал билим берүү тармагындагы реформаны жаңылоо керектигин билдирди.

«Мугалимдердин эң төмөнкү айлыгы 20 миң сом болушу зарыл. Ошондо гана күчтүү сапаттуу мугалимдер өздөрү иргеле баштайт. Учурда акчалуу адамдардын балдары жеке менчик мектептерде окуп жатат. Себеби ал менчик мектепте айлык акы жакшы жана жогорку билими күчтүү адистер иштейт. Мамлекеттик мектепте иштеген мугалимдерге колдоо көрсөтүп, өкмөт тараптан социалдык жактан жардам берүү зарыл. Ал үчүн республикалык бюджеттен акча бөлүү керек жана айыл өкмөттөр турак жай курууга жер тилкесин бөлүп берүүсү шарт. Мугалимдер мамлекеттик ооруканадан ден соолугун чыңдоо үчүн жылына бир ирет акысыз дарылана алат. Мына ушундай жеңилдиктер аларга дайыма көрсөтүлүр турса билим берүүнүн деңгээли жогорулап, мугалимдердин иштөөсүнө мотивация болот», — деди Тулендыбаев.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>