ЖКнын депутаты ИИМ менен «Вега» компаниясын коррупцияга айыптады

ЖКнын депутаты ИИМ менен «Вега» компаниясын коррупцияга айыптады

Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында депутат Шайлообек Атазов орусиялык “Вега” компаниясы менен Ички иштер министрлигин “Коопсуз шаар” долбоору боюнча коррупцияга айыптады.

Атазов ИИМдин өкүлдөрүнөн эмне үчүн “Вега” компаниясы камераларды орнотуп, жол белгилерин орнотпой жатканын сурады. Ага ички иштер министринин орун басары Октябрь Урманбетов, мыйзам боюнча жол белгилерин мэрия менен Транспорт министрлиги орноторун айтты.

Андан соң алар жол эрежесин бузганы үчүн 5 миң 500 сом каралган айып пул боюнча тартышты. Депутат айтымында, айып пулду азайтыш керек, ал эми министрдин орун басары бул пикирге кошулган жок.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>