Депутат Зулпукаров: Брокердик компаниялардын айынан бюджетке 800 млн сомдой каражат түшпөй калууда

Депутат Зулпукаров: Брокердик компаниялардын айынан бюджетке 800 млн сомдой каражат түшпөй калууда

Бүгүн 18-январда Бюджет жана финансы комитетинде 2019-жылдын бюджетинин аткарылышы боюнча отчету каралып, бюджеттин аткарылбай жатышына карата сын-пикирилер аны менен катар сунуштар берилүүдө.

Депутат Төрөбай Зулпукаров бюджетке терс таасирин тийгизген мыйзамдар бар экенин эске салып, бул боюнча кандай чечимдер болуп жатканына кызыкты. Маселен депутаттын айтымында бажыдагы брокердик компаниялар боюнча ишти өзгөртүп, анын натыйжасында  9.5 млн доллар же 800 млн сомдой каражат киргизсе болот деди. “Бажы терминалдарында акча каражаты 4-5 фирманын чөнтөгүнө кетип калбашы керек эле. Бажы структурасын жөнгө салуу боюнча кандай иш аракеттер жүрүүдө?” — деп сурады эл өкүлү.

Бажы кызматынын төрагасынын орун басары Элнура Мамбетжунушова бул суроого жооп берип жатып, брокердик компанияларды жоюп салуу мүмкүн эместигин белгиледи.

“Учурда брокердик компаниялар менен келишим түзүлүүдө.  Бажы структурасы боюнча   платформа модернизация болот. Азыр брокердик фирмалар менен келишим түзүп, платформаны колдонгон үчүн бажы структурасы боюнча мамлекеттик ишканага кандайдыр бир сумма төлөп беришет.  Ал  сумма 100 сомдун тегерегинде болушу мүмкүн. Бул боюнча кол коюлуп, чогулуштар болуп, талкуу жүрүп жатат. Бирок жеке брокердик фирмалар калат. Толугу менен мамлекеттик кыла албайбыз. Анткени ЕАЭБдин мыйзамдарына туура келбейт”, — деди бажы кызматынын төрагасынын орун басары.

Бирок депутат бажычылардын пикири менен макул эместигин билдирип, каражат 4-5 фирманын чөнтөгүнө түшүп калбаш керектигине токтолду. 

“Эч кандай мыйзамдарга каршы келбейт. ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин баарында брокердик фирмалар эмес мамлекет өзү декларация жасайт. Жогорку Кеңештин токтомун аткарышыңар керек болчу. ЕАЭБдин кайсы талаптарына каршы келет, Бюджет кодексинин кайсыл талаптарына каршы келет мага кат түрүндө жооп бериңиз», — деди.

Белгилей кетсек, буга чейин брокердик компаниялар ишмердиги боюнча маселе парламентте каралып, атайын тапшырмалар өкмөткө берилген болчу.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>