Site icon Reporter.kg

Депутаттар Бекешов менен Раимкулов сөгүшө кетти

Депутаттар Дастан Бекешов менен Бактыбек Райымкулов Жогорку Кеңештин жыйынында сөгүшө кетти. Түшүнбөстүк 4-марттагы жыйында орун алды.

Жыйын учурунда Райымкулов Бекешев отурган жерге келип сүйлөшүп турган, бир убакта үндөрүн бийик чыгарып бири-бирин сөккөнү угулган. Экөө тең ыплас сөздөр менен бири-бирин ашатып, андан соң Райымкулов өзүнүн ордун көздөй кеткен.

Көп өтпөй Райымкулов ортоңку микрофонго чыгып, бейөкмөт уюмдардын бюджетин ачыктоо боюнча мыйзам долбоору эки окуудан өтүп токтоп калганын, ошону үчүнчү окууга чыгарып берүүнү сураган.

«Мыйзам долбоору экинчи окууда колдоо таап, үчүнчү окууда турат. Ушул боюнча протоколдук тапшырма берүү керек. Эмне үчүн тийиштүү комитет алып чыкпай жатат? Ушул мыйзам долбоорун кийинки аптага кароого алып чыгууну суранат элек. Коммерциялык эмес уюмдардын арасында батышчылдардын кызыкчылыгы менен ар кандай митингдер уюштурулуп жатат. Кылган иштери тууралуу жооп бериши керек», — деди ал.

Жаңжал эмнеден чыкканы азырынча белгисиз. Бүгүнкү жыйында Бекешев «кээ бир депутаттар коррупционерлерди колдоп митингге чыгып, бул жакта бийликке жагалданып, эл алдында башкача сүйлөп жүрөт” деген билдирүү жасаган.

Ал эми Бактыбек Райымкулов менен Таабалды Тиллаев 28-февралда Ош шаарында Райым Матраимовду колдоо митингине катышышкан.

Exit mobile version