Депутаттар чек арада жашагандарга курал колдонууга уруксат берүүнү демилгеледи

Депутаттар чек арада жашагандарга курал колдонууга уруксат берүүнү демилгеледи

Бир нече депутат чек ара аймактарында жашагандарга курал колдонууга уруксат берүүнү демилгеледи. Мындай маалымат Жогорку Кеңештин сайттына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, парламенттин бир нече депутаты чек ара аймактарында жашаган жарандарды атайын даярдыктан өткөрүү менен курал колдонууга уруксат берген мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыгышты.

«КР Чек ара ыйгарым мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорду депутаттар Абдывахап Нурбаев, Исхак Пирматов, Жанар Акаев, Мирлан Жеенчороев, Алтынбек Сулайманов, Карамат Орозова, Улугбек Садиков демилгелеген.

“Президент Садыр Жапаров 5-майда жаңы Конституцияга кол коюп, өлкө элине кайрылуу учурунда “өлкө бүтүндүгүнө коркунуч туудурган окуяга күбө болдук” деп, кыргыз армиясында реформа башталарын жарыялаган. Жапаров реформанын бир багыты катары чек ара аймактарында элдик кошуундарды түзүүнү атаган”, — деп айтылат билдирүүдө.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>