Динге ишенгендердин коронавируска каршы эмдөөгө мамилеси кандай?

Динге ишенгендердин коронавируска каршы эмдөөгө мамилеси кандай?

Бир катар өлкөлөрдө диний лидерлер динге ишенгендерди эмдөөдөн баш тартууга үндөшүүдө. Кээ бир ишенгендер вакцина адамдын эмбрион клеткаларын колдонот деп ишенишет, башкалары чочконун майлары кошулат деп айтып келишет.

Reporter.kg’нин редакциясы COVID-19га каршы эмдөөгө мусулмандардын мамилеси жөнүндө билүүнү чечти. Ушул темада биз Мусулмандар дин башкармалыгынын фатва бөлүмүнүн кызматкери Бактияр Токтогазы уулу менен маектештик.

— Бир катар өлкөлөрдө мусулмандар эмдөөдөн баш тартууда. Ислам дининин көз карашы боюнча вакцинанын уруксаты же тыюу салынышы боюнча Муфтиятка кайрылуу болгонбу?

— Бүгүнкү күнгө чейин коронавирустук инфекцияга каршы эмдөөнүн тыюу салынганы же уруксат берилгендиги боюнча бизге кайрылышкан жок. Ал тургай өкмөттөн дагы, ар кандай жамааттардан кайрылуулар болгон жок. Бирок коронавирустук инфекцияга каршы эмдөө жүргүзө баштаган өлкөлөрдү карасак, анда вакцина иштеп чыгуучулардан курамындагы компоненттерди сурашкан. Мисалы, Орусиянын вакцинасын карап көрөлү. Бул өлкөдө мусулман өкүлдөрү вакцина кооптуу эмес, терс таасирлери жок деп билдиришет. Бирок кандай гана вакцина болбосун, аны изилдөө керектигин билесиң.

Биздин жарандар биринчи кезекте ден-соолугунун абалын карашы керек. Керек болсо, эмдөөдөн өтүш керек. Бирок мен аларды өз ыктыяры менен эмдөө керек деп белгилей кетем. Биз бирөөнү мажбурлап эмдете албайбыз же аны талап кыла албайбыз.

Вакцина жөнүндө көп маалымат бар, бирок аны текшерип чыгуу керек. Мисалы, Орусияда үч эмдөө бар, башка өлкөлөрдө дагы ар кандай вакциналар бар. Мен вакцинацияны уюштурууга катышкан өкмөт жана адамдары жооп берип, коомчулукка анын натыйжалуулугун жана коопсуздугун тастыктаган изилдөөлөр жөнүндө кеңири маалымат бериши керек деп ойлойм.

— Мусулмандарга эмдөө жүргүзүүгө уруксат берилеби?

-Ооба болот. Бирок вакцинанын курамында чочконун майларынын бөлүкчөлөрү болсо, анда бул суроо жаратат.

— Жакында эле диний ишенимдерден улам 7 миңден ашуун кыргыз жарандары балдарын эмдөөдөн баш тартышты. Анда ал эмнеге байланыштуу болгон?

— Бул көп убакыт мурун болгон. Бул толкун өттү. Адамдар бул кандайдыр бир кутум деп коркушкан, бирок алардын ою туура эмес экендигин түшүнүшкөн. Азыр биздин коомдо андай адамдар жок. Албетте, бир аз пайызы бар, бирок алар диний чөйрөдө жок.

Ошондой эле, ажылык сапарын пландап жаткан зыяратчыларыбыз коронавируска каршы эмдөөдөн өтүшү керек экендигин белгилеп кетким келет.

— Эмдөө боюнча Муфтият түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабы?

— Жок, бирок биз эки жыл мурун чоң иш-чараларды өткөргөнбүз. Андан кийин эмдөөдөн баш тарткандар көбөйүп, кийин түшүндүрүү иштерин жүргүздүк.

— Бул ишти жүргүзүүнү пландап жатасызбы?

— Азырынча жок. Бул маселени дагы жетекчилик чечет.

— COVID-19га каршы эмдөө алууну пландап жатасызбы?

— Мен дагы деле ойлонуп жатам, анткени тандоо болушу керек. Көрөбүз. Эгерде эмдөөнү ала турган чечимге келсем, сертификат талап кылам жана вакцинанын курамы жөнүндө айтып берүүсүн суранам.

— Эгерде вакцинада тыюу салуучу компоненттер бар болсо, анда сиз баш тартасызбы?

— Эгерде менде шек болсо, мен баш тартам.

— Эмдөөдөн мурун мусулмандарга кандай кеңеш берет элеңиз?

Алар бул вакцинанын эффективдүүлүгүн көрүп, андан кийин эмдөөгө макул болушу керек.

Коронавирус инфекциясына каршы эмдөө 29-мартта башталган. Биринчилерден болуп Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев эмдөөдөн өттү. Саламаттык сактоо министрлиги эмдөөнүн үч этабын карайт. Биринчи этап калктын 3% камтыйт. Эмдөө медицина кызматкерлери, билим берүү мекемелеринин мугалимдери, укук коргоо жана коопсуздук кызматкерлери, тейлөө чөйрөсүнүн, соода жана коомдук тамактануу жайларынын кызматкерлеринин арасында жүргүзүлөт. Экинчи этапта калктын 40% камтуу пландаштырылууда. Алардын арасында 60 жаштан жогору адамдар, клиникалык тобокелдик факторлору, өнөкөт оорулары бар 60 жашка чейинки адамдар бар. 3-этапта эмдөө иштери мамлекеттин жана донордук уюмдардын эсебинен улантылат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>