ДССУ коронавируска каршы жалпы эмдөө качан жүргүзүлөрүн айтты

ДССУ коронавируска каршы жалпы эмдөө качан жүргүзүлөрүн айтты

Коронавирус инфекциясына каршы массалык түрдө эмдөө 2021-жылдын ортосунда башталат. Бул тууралуу немец басылмалары Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) башчысынын орун басары Сумия Сваминатанга шилтеме кылып жазып чыгышты.

Сумия Сваминатан вакцина 20 клиникада сыноодон өткөрүлүп жатканын айтып, бул дары вируска каршы иштеп кетерине үмүт артып жатканын билдирген.

Сваминатан тестирлөөнүн жыйынтыгын келерки жылдын башында күтүүгө болот деп түшүндүрдү.

Ал белгилегендей, вакцинаны иштеп чыгуу боюнча дүйнөлүк жарыш ДССУда көрүлгөн эң ылдам чара болду.

Свинаминатан вирус январь айында генетикалык ырааттуулугу менен биринчи сыноодон үч ай өткөрүлгөнүн айтты.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>