Душанбеден учуп келген тажикстандыктар Бишкекке кире алышпады

Душанбеден учуп келген тажикстандыктар Бишкекке кире алышпады

Дүшанбе шаарынан “Манас” аэропортуна учуп келген тажикстандыктар Бишкек шаарына өткөрүлгөн жок. Бул маалыматты “Репортёрго” аба майдандын басма сөз кызматынан тастыкташты.

“Чек ара кызматкерлери Тажикстандын жарандарын Кыргызстандын аймагына өткөрбөй, алар кайра учуп кетишти. Ал эми аба майдандын аймагында Тажикстандын жарандары калган жок”, — деп билдиришти.

25-майда эл аралык “Манас” аэропортуна Тажикстандан 186 жүргунчү менен чартердик каттам учуп келди. Алардын 9у башка өлкөнүн, 177си тажикстандын жарандары болгон.

Убактылуу чектөөлөрдөн улам Тажик жарандары Кыргызстандын аймагына киргизилген эмес, ал эми башка өлкөлөрдүн жарандары каттоодон өтүп, Бишкек шаарында калган.

Белгилей кетсек, Министрлер кабинетинин 21-майдагы чечимине ылайык, Тажикстандын жарандарына Кыргызстандын аймагына кирүүсүнө/чыгуусуна, жүрүүсүнө жана транзит менен өтүүгө убактылуу чектөөлөрдү киргизди. Андан тышкары, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында жайгашкан «Кулунду», «Кайрагач», «Кызыл-Бел», «Бордобо» жана «Карамык» бекеттери аркылуу жүк ташууга да чектөөлөр киргизилген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>