Эгемендик күнүнө карата Чүй милициясы күчөтүлгөн тартипте иштейт

Эгемендик күнүнө карата Чүй милициясы күчөтүлгөн тартипте иштейт

Эгемендик күнүнө карата Чүй облустук миилциясынын кызматкерлери 30-августтан 2-сентябрга чейин күчөтүлгөн тартипте иштейт. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.

Анын алкагында миилция кызматкерлери тарабынан, облус аймагында коомдук тартипти, жарандардын коопсуздугун жана жол коопсуздугун камсыз кылуу максатында “Укук тартиби” аталышында рейд өткөрүлөт.

Жалпысынан Чүй облустук милициясынан 800дөн ашык тартип сакчысы коомдук тартипке көз салат.

Жогоруда аталган коомдук коопсузудк чараларынын алкагында Чүй облусунан Бишкек шаарынын кире бериштерине 8 текшерүү  постору коюлат

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>