Эген Апсаматов: Унаама «Гусейинден белек» — деп жазып алам (ВИДЕО)

Эген Апсаматов:  Унаама «Гусейинден белек» — деп жазып алам (ВИДЕО)

Орусиялык блогер Гусейин Гасанов Эген Апсаматовго (блогерден унаа белек алган такси айдоочусу) кайрадан жолукту. Жолугушуудагы видеосун блогер социалдык тармактагы баракчасына жүктөдү.

Анда Гасанов үй-бүлөсү менен таанышып, эки баласынын кылыктарына кызыкты.

Эген унаасы айдап көргөнүн, ушул тапта тиешелүү документтерин топтоп менчиктештирүүгө аракет көрүлүп жатканын айтты. Ошол эле маалда унаасынын арткы айнегине “Гусейинден белек” деп жаздыраарын убада кылды. Белекке алган авомашинасын таксиге даярдап жатканын да кошумчалады.

Буга чейин орусиялык белгилүү блогер Гусейин Гасанов социалдык экспермент кылып, бекер алып кеткен такси айдоочусуна унаа белек кылууну көздөгөн. Анын жыйынтыгында кыргызстандык Эген Апсаматов блогерди бекер жеткизип унаа белекке алган.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от ГУСЕЙН ГАСАНОВ (@gusein.gasanov)

Орусия: Блогерлер кыргыз такси айдоочусуна унаа белек кылды (ВИДЕО)

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>